# 197-берене. Сотко кайрылуу укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-197>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-197.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 197-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-197

---

1. Улуттук банк банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо тууралуу арыз менен сотко кайрылуу укугуна ээ.

2. Насыя берүүчү, банктын акционери, ошондой эле башка кызыкдар жактар тиешелүү арыз менен Улуттук банкка кайрылуу аркылуу банктын мажбурлап жоюлушун демилгелөөгө укуктуу.

Банктын насыя берүүчүсү тарабынан Улуттук банкка берилген арызда банк өз финансылык милдеттенмелерин аларды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда төлөй албай калгандыгы тууралуу айкын талапты камтууга тийиш, мында документ түрүндөгү тиешелүү тастыктоолор тиркелет. Улуттук банк арызды он жумуш күнү ичинде карайт. Эгерде Улуттук банк тарабынан лицензияны кайра чакыртып алуу үчүн негиздер белгиленбесе, ал насыя берүүчүгө жүйөлөрү көрсөтүлгөн баш тартууну жөнөтөт. Эгерде Улуттук банк мындай арызды колдобосо, анда банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу сот тарабынан козголбойт.

---

Мурунку берене: [196-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-196)  
Кийинки берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-198)
