# 194-берене. Корутунду отчет жана жоюу жол-жобосун бүткөрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 194-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-194

---

1. Ушул Мыйзамда каралган бардык иш-чаралар бүткөндөн жана милдеттер аткарылгандан кийин жоюучу сотко корутунду отчетту, жоюу балансын бекитүү жөнүндө жана банкты жоюу жол-жобосун бүткөрүү тууралуу өтүнүч каты менен кайрылат. Банкты ыктыярдуу түрдө жоюу учурунда, жоюучу Улуттук банкка кайрылуунун алдында банктын акционерлеринин жалпы жыйналышынын тиешелүү чечимин алууга тийиш. Корутунду отчеттун түзүмү жана мазмуну Улуттук банк тарабынан аныкталат. Жоюучу корутунду отчеттун түп нускасынын бирин Улуттук банкка берет. Сот жоюучунун корутунду отчетун Улуттук банк жактыргандан кийин гана бекитет.

2. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу корутунду отчетту бекитүү жана мажбурлап жоюу жол-жобосун аяктоо жөнүндө соттун аныктамасы чыккандан кийин бүткөрүлгөн болуп саналат. Соттун аныктамасы дароо күчүнө кирет. Корутунду отчетту бекитүү тууралуу соттун аныктамасынын көчүрмөсү сот тарабынан Улуттук банкка жөнөтүлөт.

Банкты ыктыярдуу түрдө жоюу жол-жобосу Улуттук банк тарабынан корутунду отчетту, жоюу балансын бекитүү жөнүндө жана жоюу жол-жобосу аяктагандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып бүткөрүлгөн болуп саналат.

3. Банкты жоюу жол-жобосу бүткөрүлгөндөн кийин аны кайра калыбына келтирүүгө жол берилбейт.

4. Жоюучу соттун (мажбурлап жоюуда), же болбосо Улуттук банктын (ыктыярдуу түрдө жоюуда) жоюу жол-жобосу аяктагандыгы тууралуу чечими күчүнө киргенден кийинки он беш календардык күн ичинде банктагы эсептерди жабат, белгиленген тартипте банктын мөөрлөрүн жана штамптарын жок кылат жана соттун же Улуттук банктын (ыктыярдуу түрдө жоюуда) чечимин банкты юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен алып салуу тууралуу жазууларды жазуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштайт, ошондой эле жоюлган банктын бардык документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондуна сактоого жөнөтөт жана банкты жоюу жол-жобосу аяктагандыгы тууралуу билдирүүнү республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.

---

Мурунку берене: [193-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-193)  
Кийинки берене: [195-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-195)
