# 190-берене. Жоюучунун келишимдик мамилелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 190-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-190

---

1. Жоюучу келишимди бузуу болжолдонгон күнгө чейин отуз календардык күн мурда контрагенттерге милдеттүү түрдө билдирүү жиберүү менен банктын бардык болуп келген келишимдеринин кайсынысы болбосун, бир тараптуу негизде бузууга укуктуу. Мында жоюучу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте контрагенттерге насыя берүүчүлөрдүн талаптарын жоюучуга жеткирүү зарыл экендиги тууралуу билдирүүгө тийиш.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте жоюучу тарабынан бузулбаган келишимдерди, ошондой эле жоюучу өзү түзгөн келишимдерди аткаруу, банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүү максатында жарандык мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.

3. Кызмат көрсөтүүчүлөр (электр энергиясы, суу, байланыш, күзөт жана башкалар) банкты жоюу жол-жобосу башталгандыгына байланыштуу кызмат көрсөтүүлөргө банк менен түзүлгөн келишимдерди бир тараптуу тартипте бузууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [189-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-189)  
Кийинки берене: [191-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-191)
