# 19-берене. Улуттук банктын ишин уюштуруу жана анын көз карандысыздыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 19-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-19

---

1. Улуттук банк өз ишин ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген компетенциянын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүргүзөт.

2. Улуттук банктын мыйзамдуу ишине мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Мамлекет Улуттук банктын өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда көз каранды эместигин кепилдейт. Улуттук банктын ыйгарым укуктарына карама-каршы келген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алууга тыюу салынат.

3. Мамлекеттик органдардын, мамлекеттик кызматчылардын жана башка адамдардын Улуттук банктын негизги милдеттерине жана ишинин максатына карама-каршы келген көрсөтмөлөрүн жана нускамаларын Улуттук банктын кызматкерлери кабыл алуусуна тыюу салынат.

4. Улуттук банк кандай гана жеке жана юридикалык жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан болбосун, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте зарыл маалыматтарды, билдирүүлөрдү жана документтерди кайтарымсыз түрдө алууга укуктуу.

5. Улуттук банкка ушул Мыйзамда каралган анын компетенциясынын чегинен тышкары иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-20)
