# 189-берене. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 189-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-189

---

1. Насыя берүүчүлөрдүн талаптары төмөнкү кезектүүлүк менен канааттандырылат:

1) мыйзамдар боюнча банк жоопкерчилигин мойнуна алган банктын кызматкерлеринин өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирүүдөн келип чыккан милдеттенмелер боюнча талаптар, анын ичинде тиешелүү мезгилдүү төлөмдөрдү капиталдаштыруу аркылуу;

2) банк кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек акысы жана бошонуу жөлөкпулдары боюнча талаптары;

3) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык коргоого алынууга тийиш болгон аманатчылардын аманаттар боюнча талаптары. Бул талаптар ушул Мыйзамга ылайык кайра түзүмдөштүрүү максаттарына багытталган суммалар боюнча дагы талаптарды коё алуучу аманаттарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга мыйзамдуу өтөт;

4) ушул бөлүктүн 3-пунктунда көрсөтүлбөгөн, банк менен байланышы жок аманатчылардын талаптары;

5) банк менен байланышы жок башка насыя берүүчүлөрдүн талаптары;

6) уставдык капиталга салынган суммаларды кошпогондо, тутумдук банкты кайра капиталдаштырууга багытталган суммалар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн талаптары;

7) бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөр боюнча талаптар;

8) банк менен байланышы бар аманатчылардын жана насыя берүүчүлөрдүн талаптары;

9) субординацияланган карыздар боюнча талаптар. Ушул беренедеги субординацияланган карыз деп күрөө менен камсыздалбаган, насыя берүүчүнүн талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнүүгө тийиш болбогон, банк жоюлуп кеткен шартта ал боюнча талаптар насыя берүүчүнүн жана аманатчылардын бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок банктын акционерлери менен эсептешүүлөргө чейин акыркы болуп орду жабылуучу милдеттенмелер түшүнүлөт.

2. Банктын акционерлери насыя берүүчү болуп саналбайт. Жоюлуучу массанын калдыктары бардык насыя берүүчүлөрдүн талаптары канааттандырылгандан кийин банктын акционерлерине өткөрүп берилет.

---

Мурунку берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-188)  
Кийинки берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-190)
