# 187-берене. Күрөө менен камсыз кылынган насыя берүүчүлөрдүн талаптары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 187-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-187

---

1. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурдан тартып банктын күрөө кармоочуларында күрөөдө турган бардык активдер жоюучунун карамагына токтоосуз түрдө өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

2. Жоюлуп жаткан банктын мүлкүнүн курамындагы күрөө жүйөсү болуп саналган мүлк өзүнчө эсепке алынат жана ал милдеттүү түрдө бааланууга тийиш.

3. Күрөө менен камсыз кылынган кредит берүүчүлөрдүн талаптары күрөө жүйөсүнүн наркынын эсебинен канааттандырылат. Эгерде күрөөнү сатуудан түшкөн каражаттар талаптын суммасын толук жабуу үчүн жетишсиз болсо, анда талаптын канааттандырылбаган бөлүгү камсыз кылынбаган талап катары каралат жана ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүк тартибинде канааттандырылууга тийиш.

4. Күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан түшкөн сумманын үч пайызы жоюучунун административдик чыгымдарынын ордун жабууга жумшалат.

---

Мурунку берене: [186-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-186)  
Кийинки берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-188)
