# 186-берене. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу эрежелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 186-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-186

---

Жоюучу банктын активдерин сатуудан алынган каражаттарды ушул беренеде белгиленген эрежелерге таянуу менен ушул Мыйзамдын башка талаптарын эске алуу менен төмөнкүдөй бөлүштүрөт:

1) ар бир кийинки кезектеги насыя берүүчүлөргө карызды төлөө алдында, ага чейинки кезекте турган бардык насыя берүүчүлөрдүн талаптары толугу менен канааттандырылууга тийиш;

2) бир кезекте турган насыя берүүчүлөрдү канааттандырууда бул кезекте турган бардык насыя берүүчүлөр өз ара тең укуктуу жана тиешелүү карызды пропорционалдуу төлөөдө бирдей укукка ээ;

3) эгерде кайсыл бир мүлк бир нече айкын күрөөлөрдүн жүйөсү болуп саналса, анда мындай күрөөлөр менен камсыз болгон насыя берүүчүлөрдүн ортосундагы артыкчылык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат;

4) активдерди сатуу мүмкүн болбогон учурда активдер бир кезекте турган насыя берүүчүлөргө өздөрүнүн макулдугу менен же соттун макулдугу менен карыздарды толук төлөөнүн эсебине тикелей өткөрүлүп берилиши мүмкүн;

5) күрөө менен камсыз болгон насыя берүүчүлөрдүн талаптары кезексиз тартипте канааттандырылат.

---

Мурунку берене: [185-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-185)  
Кийинки берене: [187-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-187)
