# 185-берене. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-185>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-185.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 185-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-185

---

1. Насыя берүүчүлөрдүн бекитилген талаптары аларды төлөө кезектүүлүгүнө ылайык категориялар боюнча бөлүштүрүлөт жана насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графигине киргизилет.

2. Жоюучу тарабынан бекитилген ошол талаптар түзүлгөн тизмекке ылайык төлөөлөр насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу эрежелерин жана кезектүүлүгүн бузбаган шарттарда, жоюучу насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графигин бекитет.

3. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графигине киргизилген, насыя берүүчүлөрдү аныктоо жана алар менен байланышуу мүмкүн эместигинен улам, төлөнүп берилбеген суммалар жоюучунун атайын эсебинде депонирленет, ал эми эгерде бул суммаларды жоюу жол-жобосу аяктаганга чейин эч ким сурап албаса, анда алар жоюлуп жаткан банк жайгашкан жер боюнча мамлекеттик нотариустун депозитинде депонирленет.

4. Жоюучу насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу үчүн төлөөлөрдүн башталгандыгы тууралуу билдирүүнү республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тийиш, анда көрсөтүлгөн насыя берүүчүлөргө каражаттарды алуу үчүн кайрылуу сунуш кылынат.

---

Мурунку берене: [184-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-184)  
Кийинки берене: [186-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-186)
