# 183-берене. Жоюу жол-жобосуна сарптоолор (жоюучунун административдик чыгымдары)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 декабря 2018 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", Гражданский кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111844)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486#diff=1181070..1181073>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-183.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 183-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-183

---

1. Жоюу жол-жобосуна сарптоолор (жоюучунун административдик чыгымдары) өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) жоюучунун билдирүүлөрдү жана кулактандырууларды жарыялоого чыгымдарын;

2) банктын активдерин издөө, өндүрүп алуу, баалоо жана сатуу менен байланышкан чыгымдарды;

3) банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды;

4) жоюучуга сый акы төлөөнү жана ишке тартылган кызматкерлердин эмгек акысын;

5) топтоо фондунун каражаттарын;

6) ишин улантуу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн акы төлөмдөрү жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр (электр энергиясы, суу менен камсыздоо, байланыш, күзөт, транспорт, салыктар, алымдар, жыйымдар, төлөмдөр жана башкалар) менен байланышкан чыгымдарды.

2. Банкты жоюу жол-жобосун ишке ашырууда административдик чыгымдарды жабуу үчүн банкта ликвиддүү каражаттар жок болгон учурларда, банктын жоюучусунун жүйөлүү кайрылуусу боюнча ал чыгымдар Улуттук банктын жеке каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Улуттук банк административдик чыгымдардын ордун жабууга акча каражаттарын банктын жоюучусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде берет.

4. Каражаттарды берүү тартиби жана Улуттук банктын жеке каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу административдик чыгымдардын түрлөрү Улуттук банк тарабынан аныкталат.

5. Улуттук банк банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүүгө акча каражаттарын ушул Мыйзамдын 182-беренесине ылайык жоюучу тарабынан ачылган атайын эсепке которот.

6. Административдик чыгымдар үчүн Улуттук банк тарабынан банктын жоюучусуна берилген акча каражаттары жоюу массасына кирбейт жана ушул Мыйзамдын 188-беренесине ылайык, жоюучунун административдик чыгымдарына тиешелүү, ошондой эле жоюучу тарабынан насыя берүүчүлөрдүн ушул Мыйзамда белгиленген талаптарын орундатуу кезегисиз жабылууга тийиш.

(КР 2018-жылдын 10-декабрындагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [182-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-182)  
Кийинки берене: [184-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-184)
