# 182-берене. Жоюлуп жаткан банктын атайын эсеби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 182-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-182

---

1. Жоюучу жоюлуп жаткан банктын каражаттарын топтоо үчүн башка банкта жоюлуучу банктын атайын эсебин ачат. Мындай эсеп улуттук жана/же чет өлкөлүк валютада ачылышы мүмкүн.

2. Жоюлуп жаткан банктын бардык эсептери жабылууга тийиш, бул эсептердеги акча каражаттарынын калдыгы жоюлуп жаткан банктын атайын эсебине которулууга тийиш.

3. Жоюлуп жаткан банктын атайын эсебиндеги каражаттар банктын насыя берүүчүлөрүнүн талаптарын жабууга жана жоюучунун административдик чыгымдарына гана жумшалууга тийиш.

4. Жоюлуп жаткан банктын атайын эсебиндеги акча каражаттарына камак салууга, алар менен жүргүзүлгөн операцияларды токтотууга жана өндүрүүнү жүргүзүүгө тыюу салынат.

5. Жоюлуп жаткан банктын атайын эсеби турган банк жоюлууга дуушар болсо, атайын эсептеги акча каражаттар жоюлуучу массага киргизилбейт жана жоюучунун көрсөтмөсү боюнча башка банкта ачылган башка атайын эсепке дароо которулууга тийиш.

6. Жоюучу жоюлуп жаткан банктын атайын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасы жана аларды пайдалануунун багыты жөнүндө отчетту квартал сайын сотко жана Улуттук банкка берүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-181)  
Кийинки берене: [183-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-183)
