# 18-берене. Улуттук банктын негизги операциялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июля 2018 года № 68 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111801)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486#diff=1181070..1181073>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 18-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-18

---

1. Иш максатына жетүү жана негизги милдеттерди аткаруу үчүн Улуттук банк төмөнкү операцияларды жүргүзүүгө укуктуу:

1) ушул Мыйзамга ылайык банктарга насыяларды берүүгө;

2) экинчилик рынокто чектерди, жөнөкөй жана которулма векселдерди сатып алууга жана сатууга;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды экинчилик рынокто сатып алууга жана сатууга;

4) Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды жана Улуттук банк тарабынан аныкталуучу башка баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга;

5) баалуу металлдарды жана валюталык байлыктардын башка түрлөрүн сатып алууга жана сатууга;

6) чет өлкө валютасын сатып алууга жана сатууга;

7) чет өлкөлүк уюмдарды кошо алганда, банктардан, башка финансылык уюмдардан депозиттерди кабыл алууга;

8) банктарда жана башка финансы уюмдарында эсептерди ачууга;

9) банктарда, анын ичинде чет өлкөлүк банктарда корреспонденттик эсептерди ачууга;

10) ар кандай программаларды каржылоо үчүн эл аралык финансылык институттар тарабынан берилген каражаттарга байланыштуу бүтүмдөр боюнча ортомчу катары иш алып барууга;

11) Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдар менен алардын Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген шарттарда каржылоого багыттаган каражаттарына, аларды кайра сатуу милдеттенмеси менен чет өлкөлүк валютаны сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү ишке ашырууга;

12) Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген каржылоонун алар жүзөгө ашырып жаткан долбоорлору жана программалары боюнча чет өлкөлүк валюта же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен камсыз кылуу алдында төлөмдүүлүк, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында улуттук валютада акча каражаттарын берүүгө;

13) Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо тутумунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында Улуттук банктын Башкармалыгы аныктаган шарттарда улуттук валютадагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берүүгө;

14) өлкөгө баалуу металлдарды жана валюталардын кандай гана түрү болбосун өлкөгө алып келүүгө жана өлкөдөн алып чыгууга;

15) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык башка банк операцияларын жүргүзүүгө.

2. Улуттук банк акы төлөнүүчү негизде айрым банк операцияларын жүргүзөт жана кызматтарды көрсөтөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн жана акынын өлчөмүн Улуттук банк, ушул Мыйзамдын 14-беренесинин жоболорун эске алуу менен өз алдынча аныктайт.

3. Улуттук банк ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн операцияларды, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу.

(КР 2018-жылдын 11-июлундагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-19)
