# 178-берене. Жоюучунун отчеттору

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 178-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-178

---

1. Жоюучу сотко, Улуттук банкка, ошондой эле акционерлердин жалпы чогулушуна (ыктыярдуу түрдө жоюу учурунда) алдын ала даярдалган, кезектеги жана корутунду отчетторду берет.

2. Алдын ала даярдалган отчет банкты жоюу жол-жобосу башталган күндөн тартып жоюучу тарабынан отуз календардык күндөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш.

3. Жоюу жол-жобосунун жүрүшү жөнүндө кезектеги отчет квартал сайын берилип турат.

4. Корутунду отчет ушул Мыйзамга ылайык жоюучу тарабынан берилет.

5. Улуттук банк жоюучунун отчетторунун түзүмүнө жана мазмунуна карата талаптарды аныктайт.

---

Мурунку берене: [177-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-177)  
Кийинки берене: [179-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-179)
