# 176-берене. Жоюучунун статусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 декабря 2018 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", Гражданский кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111844)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486#diff=1181070..1181073>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 176-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-176

---

1. Жоюучу Улуттук банктын сунушу боюнча соттун чечими менен дайындалат. Банктын жоюучусу милдетин аткаруучу талапкерлерди тандоого карата квалификациялык жана башка талаптарды Улуттук банк белгилейт.

Жоюучу банктын бардык башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына ээ болот жана ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, юридикалык жак катары банктын бирден-бир мыйзамдуу өкүлү болуп саналат. Жоюучу банктын атынан ишеним катсыз эле, бардык чыгыш документтерде жана билдирүүлөрдө банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосу жүргүзүлүп жаткандыгын көрсөтүү менен иш алып барат.

2. Жоюучунун негизги милдети болуп банктын активдерин өндүрүү, сатуу жана каражаттарды ушул Мыйзамга ылайык насыя берүүчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрүү саналат.

3. Жоюучунун жоопкерчилиги жарандык мыйзамдарга ылайык келип чыккан учурларды кошпогондо, жоюучуга ушул Мыйзам менен берилген ыйгарым укуктарга ылайык аны менен түзүлгөн бүтүмдөрдөн келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик банкка жүктөлөт.

4. Сот жоюучунун өз иш-милдетин талаптагыдай аткарбай жаткандыгын, же жоюучунун өз милдетин аткарууга укугунун жоктугун, же болбосо милдетти аткарууга жоюучунун кудуретсиз экендигин аныктаса, жоюучуну алмаштырат. Жоюучуну алмаштыруу тартибинде сот тарабынан дайындалган жакты да сотко Улуттук банк сунуштайт.

Банктын акционерлеринин жалпы жыйынынын өтүнүчү же өз демилгеси боюнча банк ыктыярдуу түрдө жоюлган шартта Улуттук банк жоюучуну алмаштырууга укуктуу. Жаңыдан дайындалган жоюучуга жоюучунун ыйгарым укуктары белгиленген тартипте өтөт.

5. Жоюучуга сый акы жоюлуп жаткан банктын ишинин татаалдыгына жараша, Улуттук банктын сунушу боюнча сот тарабынан белгиленет, бирок ал Убактылуу администрациялоо киргизилгенге же лицензия кайра чакыртып алынганга чейинки акыркы жыл ичинде эсептелген жоюлуп жаткан банктын башкармасынын төрагасынын кызматтык айлык акысынан же болбосо банкты жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган датага чейин банкта ишин аткарып жаткан Убактылуу администратордун сый акысынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Жоюучу ишке тартылган кызматкерлерге Убактылуу администрация киргизилгенге же лицензия кайра чакыртып алынганга чейин иштеп жаткан банктын тиешелүү кызматкерлеринин кызматтык айлык акысынан ашпаган өлчөмдө сый акы белгилейт.

6. Активдерди сатып өткөрүүдөн түшкөн жана насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга багытталган сумманын үч пайызы (жогорку ликвиддүү, милдеттенмелер жүктөлбөгөн активдерди жана күрөөлүк мүлктү сатуудан түшкөн суммаларды кошпогондо) жоюучу тарабынан топтоо фондуна жөнөтүлөт. Сот жоюучунун корутунду отчетун бекиткенге чейин Улуттук банк жоюу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча жоюучуга, ошондой эле түзүлгөн контракттарга ылайык кызматкерлерге жоюучунун чечими боюнча топтоо фондусунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөө чечимин кабыл алууну сотко сунуштоого укуктуу. Улуттук банктын мындай сунушу жок болсо, топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөөгө тыюу салынат, ал эми топтоо фондунун каражаттары насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга багытталат.

7. Сый акыларды төлөө банкты мажбурлап жоюу жол-жобосунун чыгымдарына (административдик чыгымдарга) чегерилет.

(КР 2018-жылдын 10-декабрындагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [175-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-175)  
Кийинки берене: [177-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-177)
