# 175-берене. Банкты мажбурлап жоюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 175-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-175

---

1. Банк ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия кайра чакыртып алынгандан кийин беш жумушчу күндүн ичинде Улуттук банк ушул мыйзамда белгиленген тартипте банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылат. Сот жоюучуну дайындаганга чейин Улуттук банк банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу, аманатчылардын таламдарын коргоо максатында Убактылуу администрацияны дайындайт. Эгерде лицензияны кайра чакытарып алуу учурунда Убактылуу администрация иштеп турган болсо, ал сот тарабынан жоюучу дайындалганга чейин өз ыйгарым укугун сактап калат.

2. Жоюучу ушул Мыйзамга ылайык банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун жүргүзөт.

3. Банкты мажбурлап жоюуну жүргүзүүнүн жүрүшүндө Убактылуу администрацияны киргизүүгө, банкты финансылык жактан чыңдоо жана кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды көрүүгө, өзгөртүп түзүүгө, ошондой эле жарашуу макулдашуусун түзүүгө тыюу салынат.

4. Мажбурлап жоюуга дуушар болгон банк өзүнүн милдеттенмелери боюнча бардык активдери жана мүлктөрү менен толук жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-174)  
Кийинки берене: [176-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-176)
