# 172-берене. Чет өлкөлүк банктын филиалын жоюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-172>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-172.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 172-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-172

---

1. Чет өлкөлүк банктын филиалын жоюу Кыргыз Республикасынын банктары үчүн каралган тартипте ишке ашырылат.

2. Чет өлкөлүк банктын филиалынын же чет өлкөлүк банктын алар жайгашкан өлкөдөгү иштери токтотулганда, алардын акча каражаттары жана башка активдери ушул Мыйзамда каралгандардан башкача түрдө өткөрүп берилбейт/ажыратылбайт/алып коюлбайт/өндүрүп алынбайт.

3. Чет өлкөлүк банк жоюлган жана талаптарды канааттандыруу үчүн зарыл болгон активдер жетишсиз болгон учурда чет өлкөлүк банктын филиалынын насыя берүүчүлөрү карызды төлөп берүү талабы менен чет өлкөлүк банкка кайрылууга укуктуу.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында филиалы бар чет өлкөлүк банк жоюлган учурда чет өлкөлүк банктын филиалына карата колдонулуучу укук Кыргыз Республикасынын укугу болуп саналат.

---

Мурунку берене: [171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-171)  
Кийинки берене: [173-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-173)
