# 171-берене. Банкроттукка байланыштуу банкты жоюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 171-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-171

---

1. Банктын төлөөгө кудуретсиздигин Улуттук банк аныктайт жана ал сот тарабынан таанылууга тийиш. Банктын төлөөгө кудуретсиздигин белгилөө аны банкрот деп таануу жана ушул Мыйзамга ылайык банкроттоо процессин баштоо үчүн негиз болуп саналат. Банктын төлөөгө кудуретсиздиги белгиленген учурда, банктын лицензиясы кайра чакыртып алынууга тийиш.

2. Банктын төлөөгө кудуретсиздиги төмөнкү учурларда аныкталат, эгерде:

1) банк төлөм мөөнөтү келип жеткенде, он жумуш күндүн ичинде карызды төлөө же башка милдеттенмелерди аткаруу боюнча насыя берүүчүнүн мыйзам ченемдүү талабын канааттандырууга кудуретсиз болсо;

2) банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн элүү пайызынан азын түзсө;

3) капиталдын шайкештигинин кайсы коэффициенти болбосун Улуттук банк белгилеген коэффициенттин өлчөмүнүн жыйырма беш пайыздан азын түзсө;

4) банктын активдеринин наркы Улуттук банктын эсептөөлөрү боюнча анын милдеттенмелеринин наркынан төмөн болсо.

3. Банктын төлөөгө кудуретсиздиги аныкталып, банк банкрот деп таанылган учурда төмөнкүлөр эске алынбайт:

1) келечекте карызды төлөө же анын ордун башкача жабуу мүмкүнчүлүгү;

2) банктын акционерлеринде жана/же потенциалдуу инвесторлорунда банктын активдерине кирбеген финансылык резервдердин олуттуу суммасынын болушу, банктын мурда кирешелүү экендиги же анын аброю;

3) банкты банкрот деп таануу учурунда банк тарабынан берилген Улуттук банкка маалым болбогон же анда жок болгон кошумча фактылар жана документтер.

4. Банктын төлөөгө кудуретсиздиги белгиленген учурда, анын лицензиялары кайра чакыртып алынат жана банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталууга тийиш.

---

Мурунку берене: [170-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-170)  
Кийинки берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-172)
