# 170-берене. Банкты жоюу жөнүндө жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 170-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-170

---

1. Банкты жоюу өз эрки боюнча жоюлуу (өзүнөн-өзү жоюлуу) же мажбурлап жоюу формасында ишке ашырылат. Өз эрки боюнча жоюлуу (өзүнөн-өзү жоюлуу) жол-жобосу соттук эмес тартипте, ал эми бакты мажбурлап жоюу сот тартибинде жүргүзүлөт.

2. Улуттук банктын лицензияларды кайра чакыртып алуу жөнүндө чечими банкты кандай болбосун формада жоюунун негизи болуп саналат. Улуттук банк банктын лицензиясын банктын демилгеси боюнча (ыктыярдуу түрдө жоюу) же болбосо өз демилгеси боюнча (мажбурлап жоюу) кайра чакыртып алат.

Улуттук банк ушул мыйзамга ылайык банктын лицензиясын өз демилгеси боюнча же болбосо кызыкдар болгон жактардын (акционерлердин, насыя берүүчүлөрдүн) өтүнүчүн канааттандыруу тартибинде кайра чакыртып алат. Эгерде Улуттук банк кызыкдар болгон жактардын негиздемелерине макул болбосо, банкты кандай болбосун формада жоюу процесси башталууга тийиш эмес. Улуттук банктын банк лицензияларын кайра чакыртып алуу жөнүндө чечими жок болгон учурда банктын насыя берүүчүлөрү, акционерлеринин же башка кызыкдар жактарынын өтүнүчү боюнча соттун аны мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоосуна тыюу салынат.

3. Банкты ар кандай формада жоюу ушул мыйзамга ылайык гана ишке ашырылууга тийиш.

4. Банктарды жоюуга карата Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын ченемдери ушул Мыйзамда түздөн-түз каралган учурларда гана колдонулат.

5. Улуттук банк лицензияны кайра чакыртып алган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде банктын лицензиясы кайра чакыртып алынгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жана юридикалык жактарды каттаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүгө милдеттүү.

6. Улуттук банк үч жумуш күндүн ичинде банктын лицензиясы кайра чакыртып алынгандыгы жөнүндө билдирүүнү интернет-сайтка жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого милдеттүү.

7. Улуттук банк жоюучунун акыркы отчетун макулдашууну кошкондо, бардык жол-жоболор бүткөрүлгөнгө чейин жоюлуп жаткан банктарга мониторинг жүргүзөт.

8. Бир кезектеги насыя берүүчүлөрдүн бирден ашык өлкөлөрдө иш жүргүзгөн, жоюлуп жаткан банктын активдерине карата талаптарынын бирдейлигин камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр белгиленет:

1) Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында катталган банктын филиалдары, өкүлчүлүктөрү же туунду компаниялары жайгашкан чет өлкөлөрдүн көзөмөлдөөчү жана башка расмий органдары менен кызматташат, анын ичинде банктык сырды кошкондо, банктык көзөмөлдөө жана жоюу жол-жоболорунун алкагында маалыматтарды алмашат;

2) чет өлкөдө филиалы, өкүлчүлүгү же туунду компаниясы бар банкка карата чет өлкөлүк соттор тарабынан кабыл алынган чечимдерди таануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге ылайык Улуттук банктын расмий корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын соту тарабынан ишке ашырылат.

9. Жоюлуп жаткан банктын бардык документтеринде, ошондой эле банктын жоюучусу түзгөн келишимдерде банк жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө жазуулар камтылууга тийиш.

10. Банктын жоюлушу укук мурастоого алып келбейт.

---

Мурунку берене: [169-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-169)  
Кийинки берене: [171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-171)
