# 167-берене. Сотко чейинки даттануу тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 167-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-167

---

1. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банктын Башкармалыгынын сотко даттанылуучу чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын ар кандай чечимдерине сотко чейинки даттанууга болот.

2. Сотко чейинки даттануу Улуттук банктын чечиминин күчүн токтото албайт.

3. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу Улуттук банктын тиешелүү чечимин алган күндөн тартып жыйырма жумушчу күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө ишке ашырылат.

4. Улуттук банк даттануу келип түшкөн күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбеген мөөнөттө, аны маңызы боюнча териштирип карап чыгат. Улуттук банк даттанууну кароо мөөнөтүн бир жолу отуз календардык күнгө узартууга укуктуу.

5. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [166-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-166)  
Кийинки берене: [168-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-168)
