# 165-берене. "Өтмө" банкты түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 165-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-165

---

1. Убактылуу администратор Улуттук банктын макулдугу менен кайра түзүмдөлүүчү банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин базасында "өтмө" банкты уюштурууга укуктуу.

2. "Өтмө" банкты юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жана Улуттук банктын лицензиясын берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган учурдан тартып, жетимиш эки сааттын ичинде жүргүзүлөт.

3. "Өтмө" банкка лицензия берүү тартиптерин, капиталына жана башка экономикалык ченемдерине карата талаптарды Улуттук банк белгилейт.

4. "Өтмө" банктын уюштуруу тууралуу расмий жарыялоо Улуттук банктын лицензиясын бергенден кийинки күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.

5. Убактылуу администратор "өтмө" банктын акцияларын кыска мөөнөттө, бирок ал түзүлгөн учурдан тартып бир жылдан кечиктирбестен, ар кандай мүмкүн болгон ыкмалар менен сатууга милдеттүү. Улуттук банктын чечими боюнча "өтмө" банктын акцияларын сатуу мөөнөтү бир жылга чейинки мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн. Эгерде "өтмө" банктын акциялары белгиленген мөөнөттө сатылбаса, ал жоюлууга тийиш. "Өтмө" банктын акцияларын сатууга байланыштуу бардык маалыматтар ачык-айкын болууга, рынок шарттарында айрым сатып алуучуларга артыкчылык берилбестен, ишке ашырылууга тийиш.

6. "Өтмө" банктын акцияларын сатуудан түшкөн каражаттар кайра түзүмдөлүүчү банкка жиберилет.

7. Ушул Мыйзамда каралган Убактылуу администрацияны киргизүүнүн натыйжалары "өтмө" банкка карата колдонулбайт.

8. "Өтмө" банк түзүлгөн учурдан тартып кирүү төгүмдөрүсүз эле депозиттерди коргоо тутумунун катышуучусу статусуна ээ болот.

9. "Өтмө" банк юридикалык жак катары кайра түзүмдөлүүчү банктын укугун мурастоочу болуп саналбайт жана ушул Мыйзамга ылайык ага өткөрүлүп берилген милдеттенмелерди кошпогондо, анын кандай гана милдеттенмелери үчүн болбосун, жоопкерчилик тартпайт.

10. Активдерди жана милдеттенмелерди "өтмө" банкка өткөрүп берүү ушул Мыйзамдын 163-беренесинин эрежелери боюнча жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [164-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-164)  
Кийинки берене: [166-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-166)
