# 164-берене. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарын пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 164-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-164

---

1. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу боюнча чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө Депозиттерди коргоо каражаттары депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Улуттук банктын ортосунда макулдашылган көлөмдө жана шарттарда пайдаланылышы мүмкүн.

2. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары аманаттар боюнча милдеттенмелерди башка банкка өткөрүүдө банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык корголууга тийиш болгон аманаттарга карата гана пайдаланылат.

3. Ушул беренеге ылайык Депозиттерди коргоо фонду тарабынан бөлүнүүчү каражаттардын суммасы банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык, кепилденген учур келгенде аманаттар боюнча төлөө суммасынан ашпоого тийиш.

4. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарын ушул беренеде каралган максаттар үчүн пайдалануу кепилденген учур келгендеги төлөөлөргө теңештирилет. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарынын ордун толтуруу насыя берүүчүлөрдүн ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [163-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-163)  
Кийинки берене: [165-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-165)
