# 161-берене. Банкты кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 161-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-161

---

1. Банкты кайра түзүмдөштүрүү - бул аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн таламдарын коргоо, банк же төлөм тутумдары үчүн банктын тутумдуу мааниге ээ иш-милдеттеринин үзгүлтүксүздүгүн сактоо, ошондой эле банк жана финансы тутумдарынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында банкка карата колдонулуучу чаралардын комплекси. Банкты кайра түзүмдөштүрүү төмөнкү чараларды өз-өзүнчө же комплекстүү түрдө колдонуу аркылуу ишке ашырылат:

1) банкты кайра капиталдаштыруу;

2) банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу;

3) "өтмө банкты" түзүү.

2. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча ар кандай чараларды ишке ашырууда алар банктын насыя берүүчүлөрүнүн абалын банкты мажбурлап жоюуда келип чыгуучу жагдайларга салыштырмалуу начарлатууга тийиш эмес.

3. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды колдонуудан мурда Улуттук банк белгилеген тартипте анын активдери жана милдеттенмелери бааланууга тийиш.

4. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чаралар ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чараларын колдонуу боюнча Улуттук банктын ыйгарым укуктарын чектебейт.

5. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды ишке ашырууда кандай болбосун чечимдер жана иш-аракеттер сот тарабынан убактылуу токтотулууга тийиш эмес. Кызыкдар жактар өз укуктарын жана таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

6. Улуттук банктын чечими менен кайра түзүмдөлүүчү банк ушул Мыйзамга ылайык мажбурлап жоюлууга дуушар болушу мүмкүн.

7. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чаралар Убактылуу администратор тарабынан Убактылуу администрация режиминин алкагында Улуттук банктын макулдугу менен ишке ашырылат. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [160-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-160)  
Кийинки берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-162)
