# 159-берене. Убактылуу администратордун ыйгарым укуктары жана анын ишин уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 159-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-159

---

1. Өз ыктыяры менен жоюлуу жөнүндө чечимди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды кошпогондо, Убактылуу администратор банктын башкаруу органдарынын бардык ыйгарым укуктарын устав жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жүзөгө ашырат.

2. Убактылуу администратор ушул Мыйзамда каралган максаттарга жетүү үчүн өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат. Убактылуу администратор банктын, анын аманатчыларынын жана башка насыя берүүчүлөрүнүн таламында ак ниеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк менен иш алып барууга тийиш.

3. Убактылуу администратор Улуттук банк менен өз аракеттерин координациялайт жана ага отчет берет. Убактылуу администратор операцияларды жана төлөмдөрдү Улуттук банктын уруксаты менен жүзөгө ашырат.

4. Убактылуу администратордун ишин уюштуруу жана отчет берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [158-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-158)  
Кийинки берене: [160-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-160)
