# 156-берене. Убактылуу администрацияны киргизүүнүн негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 156-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-156

---

1. Улуттук банк төмөнкү негиздердин бири боюнча банкка Убактылуу администрацияны киргизүүгө милдеттүү:

1) банктын өздүк капиталынын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүнүн жетимиш беш пайызынан азын түзсө;

2) капиталдын шайкештик коэффициенттеринин кайсынысы болбосун Улуттук банк тарабынан белгиленген коэффициенттин өлчөмүнүн элүү пайызынан азын түзсө;

3) төлөм мөөнөтү келип жеткенден кийинки беш жумуш күндүн ичинде банк карыздык милдеттенмелер боюнча насыя берүүчүнүн укук ченемдүү талаптарын канааттандырууга жөндөмсүз болсо.

2. Улуттук банк төмөнкү негиздердин бири боюнча банкка Убактылуу администрацияны киргизүүгө укуктуу:

1) банк капиталга карата талаптарды бузса жана/же Улуттук банктын баа берүүсү боюнча банктын финансылык абалы олуттуу начарлайт деп эсептөөсүнө негиздер бар болсо;

2) ушул Мыйзамга ылайык лицензияларды кайра чакыртып алуу үчүн кандай болбосун негиздер болсо;

3) банктын башкаруу органдарынын ортосунда анын ишинин үзгүлтүккө учурашына алып келүүчү пикир келишпестиктер болсо жана/же банктын өз ыктыяры менен жоюлушуна уруксат бербеген учурду кошкондо, банктын башкаруу органдары же кызмат адамдары өз иш-милдеттерин аткара алышпай, банкты башкарууга мүмкүн болбой калганда;

4) ушул Мыйзамда каралган башка негиздер.

---

Мурунку берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-155)  
Кийинки берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-157)
