# 155-берене. Жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 155-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-155

---

1. Убактылуу администрация - ушул Мыйзамга ылайык таасир этүү чаралары катары Улуттук банк тарабынан киргизилген банкты башкаруунун жана ишинин атайын режими.

2. Убактылуу администрация төмөнкү максаттарда киргизилет:

1) активдердин, документтердин жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу үчүн банкка контролду орнотуу;

2) банктагы иштин чыныгы абалын белгилөө жана анын андан аркы ишин аныктоо;

3) банктын аманатчыларынын жана башка насыя берүүчүлөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу.

3. Убактылуу администрация алты айга чейинки мөөнөткө киргизилет. Убактылуу администрациянын иштешинин мөөнөтү алты айдан көп эмес мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн.

4. Убактылуу администрация Убактылуу администрациянын иштешинин мөөнөтү бүткөндө же болбосо Улуттук банктын чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

5. Улуттук банктын Убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө чечими белгиленген тартипте банктын башкаруу органдарына жана кызыкдар жактарга жеткирилет.

6. Улуттук банк Убактылуу администрация мезгилинде банктын лицензиясын каалаган убакта кайра чакыртып алууга жана аны мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоого укуктуу.

7. Улуттук банктын Убактылуу администрацияны киргизүү жана анын ишин токтотуу жөнүндөгү чечими жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук банктын интернет-сайтында жарыяланат.

---

Мурунку берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-154)  
Кийинки берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-156)
