# 154-берене. Улуттук банктын талабы боюнча банкты финансылык жактан чыңдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 154-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-154

---

1. Улуттук банк кайсы убакыт болбосун финансылык жактан чыңдоо планында каралган чаралардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык өзүнүн каалоосу боюнча бардык башка чаралардын колдонулушун банктан талап кыла алат.

2. Улуттук банктын талабына ылайык банктын Директорлор кеңеши банкты финансылык жактан чыңдоо программасын бекитүүгө милдеттүү.

3. Улуттук банктын талабы коюлган күндөн тартып банк пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлердин алдындагы ар кандай финансылык милдеттенмелерди аткаруу тууралуу, ошондой эле эмгек акыны копшогондо, банктын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине кандай болбосун сый акыларды төлөө тууралуу чечимдерди кабыл алууга укуктуу эмес.

4. Банкты финансылык жактан чыңдоо боюнча чаралар көрүлүп жаткан мезгилде Улуттук банк, эгерде бул банктын финансылык абалынын начарлашына же банкрот болушуна алып келе турган болсо, банктын акчалай милдеттенмеси боюнча насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга тыюу салууга же чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-153)  
Кийинки берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-155)
