# 153-берене. Банкты финансылык жактан чыңдоо планы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 153-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-153

---

1. Банкта финансылык кыйынчылыктар жана көйгөйлөр пайда болчу учурга карата Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген банкты финансылык жактан чыңдоо планы болууга тийиш.

2. Планда банктын үзгүлтүксүз жана туруктуу ишин калыбына келтирүү боюнча шайкеш чаралар, ыкмалар жана ресурстар каралууга тийиш.

3. Банк банкты финансылык жактан чыңдоо планынын шайкештигине баа берүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.

4. Банкты финансылык жактан чыңдоо планы, анын ичинде жаңыртылган планы Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. Банкты финансылык жактан чыңдоо планын түзүүгө жана аны жаңыртууга карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

5. Эгерде банк банктык топтун бөлүгү болуп саналса, анда анын банктык топту финансылык жактан чыңдоо боюнча кошумча планы болууга тийиш. Ушул главадагы талаптар банктык топко жайылтылат.

---

Мурунку берене: [152-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-152)  
Кийинки берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-154)
