# 152-берене. Таасир этүү чараларын колдонуу жана ага даттануу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 152-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-152

---

1. Банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу тартибин Улуттук банк белгилейт.

2. Банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары Улуттук банктын тиешелүү документине, эгерде анда башкача белгиленбесе, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Банкка карата колдонулган таасир этүү чаралары Улуттук банктын чечими боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн.

4. Таасир этүү чарасы бузуулар табылган күндөн тартып он эки айдан кечиктирбестен колдонулушу мүмкүн.

5. Ушул Мыйзамга ылайык банктын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин кароодо, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын ченемдеринин бузулушу белгилүү болгондугу, ошондой эле мындай бузуулардын алдын алуу же четтетүү үчүн мүмкүн болгон бардык чаралардын көрүлгөндүгү жөнүндө, анын ичинде банктын коллегиялуу башкаруу органы тарабынан добуш берүү аркылуу чечимдер кабыл алынгандыгы тууралуу Улуттук банкка өз убагында маалымдалган фактор эске алынат.

6. Ушул Мыйзамга ылайык банктарга жана алардын кызмат адамдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары административдик жоопкерчилик чараларына кирбейт.

7. Банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу тууралуу Улуттук банктын чечимине ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-151)  
Кийинки берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-153)
