# 148-берене. Улуттук банк менен чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдарынын ортосундагы кызматташтык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 148-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-148

---

1. Банктык топко консолидацияланган негизде ар тараптуу жана натыйжалуу көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдары менен кызматташтык жөнүндө макулдашууларды түзөт.

2. Чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдары менен консолидацияланган көзөмөл боюнча кызматташтыкты ишке ашыруунун алкагында Улуттук банк банктык сырды кошкондо, зарыл болгон маалыматтарды алмашууга, суроо-талап боюнча максаттуу текшерүүлөрдү (анын ичинде биргелешкен) жана өз ара консультацияларды жүргүзүүгө, ошондой эле колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө билдирүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-147)  
Кийинки берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-149)
