# 147-берене. Улуттук банк менен финансы секторунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 147-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-147

---

1. Эгерде банктык топтун катышуучусу башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлгө алынууга тийиш болсо, Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар банктык топтун ишине ар тараптуу көзөмөл жүргүзүү максатында алар менен кызматташууну жүзөгө ашырууга тийиш.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Улуттук банктын суроо-талабы боюнча ага банктык топко же анын катышуучуларына кандай болбосун тиешелүү колдо болгон маалыматты берүүгө тийиш.

3. Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууда банктык топко жана анын катышуучуларына карата макулдашылган иш-аракеттер планын жана иш-чаралардын координацияланышын караган тиешелүү келишимдерди түзүшөт.

---

Мурунку берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-146)  
Кийинки берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-148)
