# 145-берене. Банктык топтор берген отчеттор жана маалыматтар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 145-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-145

---

1. Банктык топ Улуттук банк тарабынан, анын ичинде банктык топтордун катышуучуларына - Кыргыз Республикасынын резидент эместерине карата да белгиленген тизмекте, тариз боюнча көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө өз иши жөнүндө консолидацияланган отчетторду жана маалыматтарды Улуттук банкка берүү жана чечмелеп берүүгө милдеттүү.

2. Банктык топ же анын катышуучулары аларга карата олуттуу таасир эте алган (тике же кыйыр түрдө) башка юридикалык жактар консолидацияланган отчеттуулукту түзүү максатында өз иши жөнүндө отчетторду берип турууга милдеттүү.

3. Банктык топ Директорлор кеңешинин жана Башкармалыгынын мүчөлөрү жөнүндө, аларга тике же кыйыр түрдө контролду жүргүзгөн олуттуу катышуучулар жөнүндө, алар менен байланышкан башка жактар жөнүндө маалыматтарды Улуттук банк тарабынан белгиленген көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө Улуттук банкка берүүгө тийиш.

4. Улуттук банк алардын финансылык абалына, тобокелдиктерди тескөө тутумуна, корпоративдик башкаруунун сапатына жана көзөмөлдү жүргүзүүнүн башка максаттарына баа берүү үчүн банктык топтордон жана анын катышуучуларынан башка отчеттордун жана маалыматтардын берилишин талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-144)  
Кийинки берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-146)
