# 144-берене. Тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 144-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-144

---

1. Банктык топтун катышуучулары өз ишинде банктык топтун каалаган катышуучусунун же бүтүндөй алганда банктык топтун финансылык туруктуулугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон тобокелдиктерди өзүнө алууга тийиш эмес.

2. Банктык топ жана анын катышуучулары банктык топтун ишине, ошондой эле ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдун талаптагыдай тутумуна (саясатына) ээ болууга тийиш.

3. Банктык топ жана анын катышуучулары Улуттук банктын ири тобокелдиктери, инвестициялардын өлчөмү жана консолидацияланган негизде валюталык позицияга тиешелүү чектөөлөрүн сактоого, ошондой эле тобокелдиктерди жана иштеги чектөөлөрдү минималдаштыруу боюнча башка талаптарды аткарууга тийиш. Улуттук банк банктык топтун катышуучуларынын ортосундагы бүтүмдөр жана операциялар боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.

4. Банктык топтун башында турган банк банктык холдингдик компания жана юридикалык жактардын тобун контролдоочу башкы компания ички контролдоо жана тобокелдиктерди тескөө тутумуна карата Улуттук банктын талаптарынын банктык топ тарабынан сакталышы үчүн жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-143)  
Кийинки берене: [145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-145)
