# 143-берене. Экономикалык ченемдер жана башка талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 143-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-143

---

1. Улуттук банк банктык топтордун катышуучуларынын капиталынын шайкештигине карата талаптарды, ошондой эле банктык топ милдеттүү түрдө сактоого тийиш болгон башка экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилейт.

2. Банктык топ банктык топтун бардык катышуучуларынын потенциалдуу жоготууларынын жана чыгымдарынын ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон капиталдын тиешелүү деңгээлине ээ болууга тийиш.

3. Банктык топтун жана банктык топтун катышуучуларынын капиталы Улуттук банк белгилеген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Банктык топтун катышуучулары капиталдын шайкештигин камсыздоо боюнча саясатка жана жол-жоболорго ээ болууга тийиш. Банктык топтун катышуучулары капиталдын шайкештигин камсыздоо үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Банктык топтун катышуучулары капиталдын шайкештигине олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон бардык фактылар жана жагдайлар тууралуу Улуттук банкка дароо маалымдоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-142)  
Кийинки берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-144)
