# 142-берене. Банктык топтордун иши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 142-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-142

---

1. Банктык топко кирген компаниялар банктык жана/же финансылык ишти, ошондой эле банктык холдингдик компаниялар менен болгон учурларда, топтун катышуучуларынын акцияларына ээлик кылууну кошо алганда, банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу иштерди гана жүзөгө ашыра алат.

2. Банктык топтун катышуучусу болуп саналган банк өз ишин банктык топтун калган катышуучуларынан көз карандысыз жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана банктык топко кирген банктык холдингдик компаниялар акционердик коом таризинде болууга тийиш.

3. Банктык топту жетектеп турган банк, банктык холдингдик компания же юридикалык жактар тобун контролдоочу башкы компания бүтүндөй банктык топтун ишинин Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык келиши үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Банктык топту, банктык холдингдик компанияларда жана юридикалык жактар тобун контролдогон башкы компанияларда жетектеп турган банктын Директорлор кеңеши жана Башкармалыгы, банктык топтун бардык катышуучуларынын ортосунда тиешелүү маалыматтардын талаптагыдай алмашуусун камсыздоого тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктын финансылык абалына анын банктык топко катышуусунан улам коркунуч орун алса, банк ал тууралуу жазуу жүзүндө дароо Улуттук банкка билдирүүгө тийиш.

6. Банктарга коюлган ушул Мыйзамдын талаптары банктык топко жана банктык топтун катышуучуларына Улуттук банк тарабынан белгиленген көлөмдө жана чектерде жайылтылат.

---

Мурунку берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-141)  
Кийинки берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-143)
