# 141-берене. Консолидацияланган көзөмөл объекти

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 141-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-141

---

1. Улуттук банк төмөнкү банктык топторго карата консолидацияланган негизде көзөмөлдү жүзөгө ашырат:

1) банк жетектеген жана анын туунду жана/же көз каранды компанияларына;

2) банктык холдингдик компания жетектеген туунду жана/же көз каранды компанияларынын бири Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банк болуп саналат. Банктык холдингдик компания - бул башкы компания, анын туунду жана/же көз каранды компанияларынын бири болуп банк саналат;

3) курамына аны контролдоону бир эле жак жеке өзү же башка жактар менен биргелешип жүзөгө ашыруучу банк кирген банктык жана/же финансылык иш менен алектенген юридикалык жактардын тобуна.

2. Эгерде юридикалык жактардын тобунун башкы компаниясы жок болсо, анда Улуттук банктын макулдугу менен контролдоочу жак катары ыйгарым укук берилген топтун юридикалык жактарынын бири консолидацияланган отчетту жана маалыматтарды Улуттук банкка берүү милдетин аткарат.

3. Улуттук банк консолидацияланган көзөмөл талаптарын колдонбоо учурларын белгилөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-140)  
Кийинки берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-142)
