# 140-берене. Банктык ишке инспектордук текшерүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111821)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486#diff=1181070..1181073>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 140-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-140

---

1. Улуттук банк ыйгарым укуктуу кызматкерлерди банкка жөнөтүү аркылуу банк ишине мезгил-мезгили менен инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүп турат.

2. Инспектордук текшерүүлөрдүн алкагында төмөнкүлөргө баа берилет:

1) банктын финансылык абалына, башкаруу сапатына жана натыйжалуулугуна;

2) банктын туруктуулугуна жана коопсуз ишине таасир этүүчү банк ишине мүнөздүү тобокелдиктерге;

3) банктын финансылык жана жөнгө салуучу отчеттуулугунун ишенимдүүлүгүнө;

4) Улуттук банктын эскертүүлөрүнүн, талаптарынын жана сунуштамаларынын банк тарабынан аткарылышына;

5) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын жана террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин банк тарабынан сакталышына;

6) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында белгиленген башка милдеттердин жана талаптардын банк тарабынан аткарылышына.

3. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкүлөргө укуктуу:

1) банктын кайсы жайына болбосун кирүүгө, каалаган документтерди жана маалыматтарды көрсөтүүнү талап кылууга, анын ичинде алардын көчүрмөлөрүн алууга;

2) тышкы аудитор, банктын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, ошондой эле банкка кызмат көрсөтүүчү башка жактар менен жолугушууга, ошондой эле алардан оозеки жана жазуу жүзүндөгү маалыматтарды алууга;

3) банкты инспектордук текшерүүгө байланыштуу башка зарыл иш-чараларды жүргүзүүгө.

4. Текшерүүгө алынган банк төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) пайдалануучулардын жана кардарлардын автоматташтырылган системаларына кирүү коддору (паролдору, PI№-коддору) тууралуу маалыматтарды кошпогондо, Улуттук банкка зарыл болгон бардык документтерди жана маалыматтарды берүүгө;

2) текшерүү жүргүзүлүүчү банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусунда банктын маалымат тутумдарына жана маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;

3) өзүнчө орун-жай, тиешелүү техникаларды жана байланыш каражаттарын берүүгө;

4) башка кызматташууну ишке ашырууга.

5. Ушул берененин талаптары ошондой эле банктык топторго жана анын катышуучуларына, банк менен жалпы кызыкчылыктары болгон ар кандай башка компанияларга жана банк менен байланышы бар ар кандай башка жактарга жайылтылат.

6. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин Улуттук банк аныктайт.

7. Банкка жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча отчет Улуттук банктын купуялуулукту камтыган документи болуп саналат жана аны Улуттук банктын макулдугусуз үчүнчү жактарга берүүгө болбойт. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармалыгы инспектордук текшерүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө отчетко кол коюп берүү менен Улуттук банк белгилеген мөөнөттөрдө таанышууга милдеттүү.

8. Улуттук банк банктын инспектордук текшерүүсүнө аудиторлорду, эксперттерди, адистерди, ошондой эле башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды жана уюмдарды тартууга укуктуу. Текшерүүгө тартылган жактар маалыматтардын купуялыгын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык сырды ачыкка чыгарбоо жөнүндө талапты сактоого милдеттүү.

9. Улуттук банк жана банк көзөмөлүн жүргүзгөн чет өлкөлүк органдар тиешелүү эки тараптуу келишимдердин негизинде бири-биринин аймагында көзөмөлгө алынган субъекттер жагынан өз ара инспектордук текшерүүлөрдү ишке ашырууга укуктуу.

(КР 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-139)  
Кийинки берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-141)
