# 14-берене. Улуттук банктын укуктук статусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 14-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-14

---

1. Улуттук (Борбордук) банк Кыргыз Республикасынын банкы (Кыргызстандын банкы) болуп саналат жана анын менчигинде турат.

2. Улуттук банктын укуктук статусу, иш максаты, аткаруучу иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана ушул Мыйзам тарабынан аныкталат.

3. Улуттук банк өз ишин ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүүчү жана пайда алуу максатын көздөбөгөн, өз алдынча уюштуруу-укуктук формасы бар юридикалык жак - "Кыргыз Республикасынын Борбордук банкы" болуп эсептелет.

4. Улуттук банктын жайгашкан жери - Бишкек шаары. Улуттук банк филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү түзүүгө жана Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жактарга өз өкүлдөрүн дайындоого укуктуу.

5. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлүү менен өз аталышы жазылган мөөргө ээ.

6. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербеген сыяктуу эле, Кыргыз Республикасы Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.

7. Улуттук банк юридикалык жак катары өз милдеттенмелери, ага таандык болгон бардык мүлкү менен жооп берет.

8. Улуттук банк өзүнүн, мамлекеттин жана коомдун таламдарын коргоо максатында сотко кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-15)
