# 139-берене. Банктык ишке тышкы көзөмөл

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 139-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-139

---

1. Банктарга тышкы көзөмөл кароого сунушталган отчеттор жана башка маалыматтар боюнча банктардын ишине талдоо жүргүзүү аркылуу, ошондой эле банк ишинин негизги багыттары боюнча банктын башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү аркылуу аралыктан, туруктуу негизде ишке ашырылат.

2. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкери банктан тиешелүү документтерди жана маалыматтарды суратууга, ошондой эле өзү көзөмөлгө алып, көмөк көрсөткөн банкка барып, анын жетекчилиги, башка кызмат адамдары жана кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүүгө укуктуу.

3. Банктардын ишине тышкы көзөмөлдү уюштуруу, аны жүзөгө ашыруу тартиби жана ыйгарым укуктар Улуттук банк тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-138)  
Кийинки берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-140)
