# 138-берене. Банк үчүн экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 138-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-138

---

1. Банктар үчүн экономикалык ченемдердин жана талаптардын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:

1) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү;

2) өздүк (жөнгө салуучулук) капиталдын минималдуу өлчөмү;

3) капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттары;

4) бир зайымчыга же байланышы бар зайымчылар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү;

5) ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү);

6) валюталык, насыялык, операциялык жана башка тобокелдиктерди чектөө жана аларды тескөө боюнча талаптар;

7) резервдерди түзүү тартибине карата талаптар;

8) Улуттук банк тарабынан белгиленген ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн башка түрлөрү.

2. Экономикалык ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн өлчөмү жана аларды эсептөөнүн усулу Улуттук банк тарабынан аныкталат.

3. Улуттук банк тутумдук банктарга жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга карата экономикалык ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн башка өлчөмдөрүн белгилөөгө укуктуу. Тутумдуулук статусу Улуттук банк тарабынан аныкталат.

4. Улуттук банк банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруучу банктар үчүн экономикалык ченемдерди жана башка милдеттүү талаптарды, ченемдерди жана лимиттерди белгилейт.

5. Банктар жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында белгиленген экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-137)  
Кийинки берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-139)
