# 137-берене. Банктык көзөмөл жүргүзүү максаттары үчүн маалымат жана документтер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 137-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-137

---

1. Банк, анын кызмат адамдары жана башка кызматкерлер, банктын акционерлери жана банк менен байланыштуу жактар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана башка каалаган маалыматтарды өз учурунда берип турууга милдеттүү.

2. Ушул Мыйзамга ылайык банк көзөмөлүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, Улуттук банк тарабынан алынган жана банктык сырга жатпаган маалымат жана документтер купуя маалымат болуп саналат жана алар жарыяланууга же кимдир бирөөгө берилүүгө тийиш эмес.

3. Улуттук банктын купуя маалыматтарга жеткиликтүүлүгү бар кызматкерлерине жана башка жактарга, ушул Мыйзамда белгиленген тартиптен тышкары, башка жол менен аларды ачыкка чыгаруусуна тыюу салынат.

4. Улуттук банк консолидацияланган негизде көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон банктык топтун ишине тиешелүү маалыматтарды берүү тартибин алар үчүн аныктап берүүгө укуктуу.

5. Улуттук банктын насыялык регистрин кошо алуу менен Улуттук банк маалымат базасын түзөт. Насыялык регистрди түзүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-136)  
Кийинки берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-138)
