# 136-берене. Банктык көзөмөл

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111821)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486#diff=1181070..1181073>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 136-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-136

---

1. Улуттук банк ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына, ошондой эле террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктардын, банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын жана башка юридикалык жактардын иштерине көзөмөлдү жана жөнгө салууну ишке ашырат.

2. Банктык көзөмөл тышкы көзөмөлдү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле жөнгө салуучу ченемдерди чыгаруу аркылуу ишке ашырылат. Улуттук банк жеринде комплекстүү жана максаттуу текшерүү усулдарын тышкы көзөмөл менен айкалыштыруу аркылуу ар бир банк үчүн анын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен көзөмөл жүргүзүү стратегиясын аныктайт.

3. Улуттук банкта банктык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу коллегиялуу орган түзүлүшү мүмкүн.

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн финансы секторунун ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташууну ишке ашырат.

5. Улуттук банк банктык топторго көзөмөлдү ушул Мыйзамга ылайык консолидацияланган негизде (консолидацияланган көзөмөл) ишке ашырат.

(КР 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-135)  
Кийинки берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-137)
