# 135-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды алмашуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2020 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обмене кредитной информацией", "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112102)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486#diff=1181078..1181079>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 135-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-135

---

1. Насыялык тобокелдиктерди минималдаштыруу жана өз ара маалымат алмашуу максатында насыялык таржымалды түзүү жана банктык сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануучуларга берүү үчүн юридикалык жактар түзүлүшү мүмкүн.

2. Банктар өз ара макулдашуунун негизинде банктык сырды түзгөн маалыматтарды өз ара алмашууга укуктуу.

3. Ушул берененин максаттары үчүн банктык сырды түзгөн маалымат "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, банк тарабынан кардардын макулдугу менен гана жана ушул главанын талаптарын сактоо менен берилиши мүмкүн.

4. Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдын максаттары үчүн банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жана жүгүртүү ушул Мыйзамга ылайык банктык сырды ачыкка чыгаруу деп эсептелбейт. Насыялык маалыматты алмашуу жөнүндө мыйзамдын максаттары үчүн берилүүчү жана жүгүртүлүүчү банктык сырды түзүүчү маалыматтар деп, насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталган насыялык маалыматтар түшүнүлөт. Мында насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдардын максаттары үчүн кардардын эсептери тууралуу маалымат күрөөнүн жүйөсү катары каралган акча каражаттары жөнүндө маалыматтардын берилиши жана жүгүртүлүшү менен чектелет, ал эми кардардын тапшыруусу боюнча аткарылган операциялар жөнүндө маалыматтар кепилдиктер же кепилчилик кылуу түрүндө берилген камсыздоо боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды берүү жана жүгүртүү менен чектелет.

5. Банктар банктык сырды түзгөн маалыматтарды өз кардарларынын - насыялык маалымат субъектилеринин макулдугу менен насыялык бюролорго берет.

Насыялык бюролор банктык сырды түзгөн маалыматтарды насыялык маалымат субъекттеринин макулдугу менен насыялык маалыматты пайдалануучуларга берет. Ал жөнүндө насыялык маалыматты өткөрүп берүү үчүн насыялык маалымат субъектинин макулдугун алуу насыялык маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда талап кылынбайт.

6. Банктар, насыялык бюролор жана насыялык маалыматтарды пайдалануучулар ортосунда банктык сырды түзгөн маалыматтардын берилиши жана жүгүртүлүшү насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдардын тартибинде жана ага ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-134)  
Кийинки берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-136)
