# 132-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 132-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-132

---

1. Банктык сырды түзгөн маалыматтар банк тарабынан пайдалануу үчүн төмөнкүлөргө берилиши мүмкүн:

1) банктын негизги ишине байланыштуу кызматтык милдеттерди аткаруу максатында банктын кызматкерлерине;

2) мындай маалыматтар ушундай кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында зарыл болсо, банк ишине байланыштуу банкка кызмат көрсөтүүлөрдү берген жактарга;

3) консолидацияланган отчетту даярдоо максатында банкка контролду ишке ашырган жакка;

4) банк менен кардардын ортосундагы талаш маселелер боюнча өз укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн зарыл болгон учурларда жана чектерде сотко. Банктын же анын кардарынын өтүнүчү боюнча соттук жыйын жабык түрдө өтүшү мүмкүн.

Мындай берүү банктык сырды берүү жана ачыкка чыгаруу катары эсептелбейт.

2. Мында банк ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарга берилген банктык сырды түзгөн маалыматтын корголушун жана купуялыгын камсыздоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-131)  
Кийинки берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-133)
