# 131-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапка карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 131-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-131

---

Банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) суроо-талап менен кайрылган жактын толук расмий аталышы жана реквизиттери, ошондой эле маалымат алууга ыйгарым укуктуу адамды жана өткөрүп берүү ыкмасын көрсөтүү менен анын дареги, байланыш каналдары же башка байланыш түзүү маалыматтары;

2) суроо-талап жөнөтүлгөн жактын аталышы;

3) талап кылынган банктык сырды түзгөн маалыматтардын чегин жана көлөмүн көрсөтүү менен банктын кардарынын аты-жөнү;

4) банктык сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануу максаты жана суроо-талап жиберүүнүн укуктук негиздери;

5) суроо-талапка кол койгон адамдын колу, мөөрү жана ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтар.

Банктык сырды камтыган маалыматтарды берүү жөнүндөгү суроо-талап ушул берененин талаптарына ылайык келбеген учурда банк банктык сырды камтыган маалыматтарды берүүдөн баш тартууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-130)  
Кийинки берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-132)
