# 129-берене. Банктык сыр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 129-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-129

---

1. Банктык сыр - бул келишим түзүлгөнгө чейинки мамилелерди кошо алганда, банктык ишти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө кардар тарабынан банкка берилген, же болбосо банк тарабынан түзүлгөн, же болбосо, банк менен кардардын өз ара мамилелерине байланыштуу башкача түрдө келип чыккан бардык маалыматтар.

2. Банктык сырга төмөнкүлөр кирбейт:

1) легитимдүү ачык маалымат (мыйзамдарга ылайык жетүү эркин болгон маалымат);

2) банктын кардарын идентификациялоого мүмкүндүк бербеген консолидацияланган мүнөздөгү маалымат;

3) Улуттук банк тарабынан аныкталган чектерде банк менен байланыштуу жактар тууралуу маалымат.

3. Бул главанын талаптары Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга жана башка юридикалык жактарга да жайылтылат.

---

Мурунку берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-128)  
Кийинки берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-130)
