# 127-берене. Аудитти жүргүзүүнүн, банктын жылдык финансылык отчетун бекитүүнүн, берүүнүн жана жарыялоонун мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486#diff=1181075..1181076>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 127-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-127

---

1. Финансылык жыл аяктагандан кийин банк төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жаңы финансылык жыл башталгандан тартып токсон күндөн кечикпеген мөөнөттө банктын тышкы аудитин жүргүзүүнү камсыз кылууга;

2) Улуттук банкка аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен бирге финансылык отчетту жана аудитордун банктын жетекчилигине жазган катын акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөрүлгөнгө чейинки беш жумуш күнүнүн ичинде берүүгө;

3) акционерлердин жалпы чогулушунда банктын жылдык финансылык отчетунун жаңы финансылык жыл башталгандан тартып токсон күндөн кечиктирбестен бекитилишин камсыздоого;

4) Улуттук банкка аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен бирге акционерлердин жалпы чогулушунда бекитилген финансылык отчетту жана аудитордун банктын жетекчилигине жазган катын жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз беш күндөн кечиктирбестен берүүгө;

5) банктын жылдык финансылык отчетун (анын ичинде консолидацияланган - отчетту) аудитордук корутунду менен бирге жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз жыйырма күндөн кечиктирбестен, Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте жана таризде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого.

Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизүү менен жана/же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланышкан өзгөчө учурларда Улуттук банктын Башкармалыгынын чечими менен ушул бөлүктүн 1, 3, 4, 5-пункттарында белгиленген мөөнөттөр узартылышы мүмкүн.

2. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу банктын жылдык финансылык отчетун аудитордук корутундусуз кароого жана бекитүүгө укуксуз.

(КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-126)  
Кийинки берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-128)
