# 126-берене. Банктык топтордун аудити

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-126>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 126-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-126

---

1. Эгерде банк банктык топко кирсе, бүтүндөй банктык топ милдеттүү түрдө аудитордук текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш. Банктык топко жүргүзүлгөн аудиттин натыйжалары боюнча топтун ар бир катышуучусу боюнча отчеттор жана консолидацияланган отчет түзүлөт.

2. Банктык топко аудит бир аудитордук уюм тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш.

3. Банктык топко аудитти жүргүзүүгө карата талаптар, анын ичинде ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган талаптарга карата алып салуулар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

4. Тышкы аудитор Улуттук банктын суроо-талабы боюнча банктык топко аудит жүргүзүүгө байланыштуу кандай маалымат болбосун ага берүүгө милдеттүү. Мындай маалыматтардын берилиши тышкы аудитти жүргүзүү учурунда купуя маалыматтарды ачыкка чыгаруу катары эсептелбейт.

---

Мурунку берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-125)  
Кийинки берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-127)
