# 125-берене. Банктардын аудити

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2021 года № 143 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112320)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.11.2021 [Закон КР от 29 ноября 2021 года № 143 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112320); 06.08.2018 [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111821)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486#diff=1181081..1181082>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 125-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-125

---

1. Банктын иши аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жыл сайын тышкы аудитордук текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш.

2. Банктын Директорлор кеңеши акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна сунуштоо үчүн аудитордук уюмдарды жана талапкер аудиторлорду тандайт. Банк акционерлердин жалпы чогулушу өткөрүлгөнгө чейинки токсон жумуш күнүнөн кечиктирбестен аудитордук уюм жана аудиторлорго талапкерлер тууралуу Улуттук банкка билдирет. Улуттук банк банктарды аудитордук текшерүүдөн өткөрүү үчүн белгиленген талаптарга жооп бербегендер катары аудитордук уюмду жана аудиторго талапкерлерди четке кагууга укуктуу жана ал жөнүндө билдирүү келип түшкөн күндөн тартып, он жумуш күнүнөн кечиктирбестен банкка билдирет.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестрине киргизилген, банктарды аудитордук текшерүүдөн өткөрүү үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берүүчү аудитордук уюм гана банктын тышкы аудитору боло алат.

4. Тышкы аудитор банктан көз карандысыз болууга тийиш, бул аудитордук корутундунун натыйжаларына, тыянактарга жана тышкы аудитор өз пикирин билдиришине сырттан кимдир-бирөөнүн таасирин жокко чыгарган шартта өз алдынча иш алып барууга жөндөмдүүлүктү түшүндүрөт. Тышкы аудитти жүргүзүү жөнүндө келишимде аудитордук уюмдун өзү же анын кайсы бир аудитору же башка кызматкери, банкта эч кандай кызыкчылыкка ээ эмес экендиги, ага көз каранды эместиги, банк жана анын кызматкерлери менен эч кандай мамилеси жоктугу тууралуу билдирүүсү чагылдырылууга тийиш.

5. Аудитордук уюм жана аудитор банктан көз каранды эмес деп эсептелбейт, эгерде алар акыркы эки жылдын аралыгында:

1) банктын же анын аффилирленген жактарынын капиталына тике же кыйыр түрдө олуттуу катышы бар адамдардан болсо;

2) банктын же анын аффилирленген жактарынын аффилирленген жактары болсо;

3) банкка жана анын аффилирленген жактарына башка кызмат көрсөтүүлөрдү (атайын аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүү, консультациялык кызмат көрсөтүүлөр, ички аудит кызмат көрсөтүүлөрү) сунуштаган жактар болсо;

4) банктын же анын аффилирленген жагынын кызматкери болсо;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

6. Банктын тышкы аудити бир эле аудитордук уюм тарабынан катары менен беш жылдан ашык жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Банктык топтун курамына кирген банктын өтүнүчү боюнча ротациялоо мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

7. Тышкы аудитор төмөнкүлөр жөнүндө билингенден тартып, бир жумуш күндүн ичинде алар тууралуу Банктын Башкармалыгына, Директорлор кеңешине жана Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү:

1) банктын туруктуулугуна жана бекемдигине коркунуч келтирүүчү фактылар табылгандыгы тууралуу;

2) Убактылуу администрацияны киргизүү жана лицензияны кайра чакыртып алуу үчүн негиз болгон фактылар жөнүндө;

3) банкты аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө тышкы аудитти жүзөгө ашыруудан баш тартуу чечими жөнүндө;

4) алдамчылыктын же алдамчылык схемаларынын бети ачылгандыгы жөнүндө же акча каражаттарын террористтик ишти финансылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча операциянын белгилерине туура келген бүтүмдөрдүн табылгандыгы жөнүндө;

5) тышкы аудиттин өтүнүчү боюнча кайсы бир маалыматты Улуттук банкка билдирүүдөн банктын баш тартып жаткандыгы жөнүндө;

6) аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык банкта же аффилирленген юридикалык жакта олуттуу зыяндарга алып келиши мүмкүн болгон кемчиликтер же бузуулар табылгандыгы жөнүндө;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

8. Тышкы аудитор Улуттук банктын талабы боюнча аудиттик текшерүүгө байланыштуу ар кандай маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Мындай маалыматтардын берилиши тышкы аудитти жүргүзүүдө купуялуулукту камтыган маалыматтын ачыкка чыгарылышы катары эсептелбейт.

9. Эгерде Улуттук банк аудитордук корутундуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келбейт деп тааныса, анда банк өз эсебинен кайрадан аудит жүргүзүүгө милдеттүү.

10. Аудитордук корутундудагы маалыматтар аудиттин эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык чагылдырылууга тийиш.

11. Банктардын тышкы аудитине карата талаптар, анын ичинде аудитордук уюмдарга жана аудиторлорго карата коюлуучу талаптар Улуттук банк тарабынан аныкталат.

(КР 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2021-жылдын 29-ноябрындагы №143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-124)  
Кийинки берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-126)
