# 123-берене. Банктагы эсепке алуу жана отчеттуулук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2021 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бухгалтерского учета"](https://aqlex.ai/kg/doc/112270)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486#diff=1181080..1181081>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 123-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-123

---

1. Банктын финансылык жылы 1-январдан тартып 31-декабрды кошо алгандагы мезгилге белгиленет. Эгерде банк 1-январдан кийин каттоодон өткөн болсо, анда биринчи финансылык жыл банк мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып башталат жана ошол эле жылдын 31-декабрында бүтөт.

2. Банктар бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана ушул Мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык отчет түзөт.

3. Консолидацияланган негизде түзүлгөн отчетторду кошо алганда, банктык, бухгалтердик жана башка отчеттордун тизмеги, берүү тариздери жана мөөнөттөрү, ошондой эле аларды бузууга жол бергендиги үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

4. Банктар Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча акча каражаттарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан каражаттарынын (корреспонденттик эсептер) кыймылы жөнүндө кандай гана маалымат болбосун берип турууга милдеттүү.

5. Банктын Башкармалыгынын төрагасы Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттордун, эсепке алуу документтеринин жана башка маалыматтардын ишенимдүүгү, толуктугу жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. Банктын башкы бухгалтери финансылык отчеттордо бухгалтердик операциялардын жана окуялардын туура чагылдырылышы, бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун регистрлеринин талаптагыдай сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.

(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-122)  
Кийинки берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-124)
