# 122-берене. Жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 122-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-122

---

1. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана банктын эсепке алуу саясатына ылайык эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүгө милдеттүү.

Өз ишин ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу банк бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт жана финансылык отчетту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу стандарттарына ылайык түзөт.

2. Банктын эсепке алуу саясатында бухгалтердик эсепке алуунун жалпы принциптери, бухгалтердик эсепке алууну уюштуруунун усулдары жана эрежелери камтылууга тийиш. Эгерде финансылык топко көзөмөл жүргүзүлө турган болсо, банк Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен ошол топтун жалпы (консолидацияланган) эсепке алуу саясатын иштеп чыгууга тийиш.

3. Банкта эсепке алуу төмөндөгүдөй сыпатта уюштурулууга тийиш:

1) анын негизинде төмөнкүлөр ишенимдүү түзүлгүдөй:

а) банктын реалдуу финансылык абалын жана ишинин натыйжаларын чагылдырган эл аралык стандарттарга ылайык финансылык отчеттуулук;

б) Улуттук банктын талаптарына ылайык жөнгө салуучу отчеттуулук;

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчеттуулуктун башка түрлөрү;

2) банктын активдерин жана келип чыккан тобокелдиктерди коопсуз жана ишенимдүү башкаргыдай;

3) банктын акционерлери жана Директорлор кеңеши банктын финансылык абалын жана кызмат адамдарынын ишин контролдой алгыдай.

---

Мурунку берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-121)  
Кийинки берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-123)
