# 121-берене. Камакка алуу, өндүрүп алуу жана конфискация

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 121-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-121

---

1. Юридикалык жана жеке жактардын банктык эсептерде же сактоо жайында турган акча каражаттарына жана башка баалуулуктары сот тарабынан гана камакка алынышы мүмкүн.

Банктык эсеп же банкта сактоодо турган баалуулуктарды камакка алынган учурда, эсеп боюнча ар кандай чыгымдоо операциялары же баалуулуктарды которуштуруу дароо токтотулат. Банктык эсептеги акча каражаттарынын айрым суммасы камакка алынган учурда, ошол сумманын өлчөмүндө азайтылбаган калдык чегинде ар кандай чыгымдоо операциялары токтотулат.

2. Жеке жана юридикалык жактардын банктык эсептерде же банкта сактоодо турган акча каражаттарын жана башка баалуулуктарды өндүрүп алуу аткаруу документтеринин негизинде сот тарабынан, ошондой эле салык мыйзамдарына ылайык салыктык төлөм талаптарын коюу аркылуу салык органдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Банктагы акча каражаттарына, баалуулуктарга жана документтерге карата тинтүү, кароо, алуу жана башка тергөө амалдары козголгон кылмыш иштери боюнча өзгөчө соттук актынын негизинде гана тергөө органдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Акча каражаттарын жана башка баалуулуктарды конфискациялоо соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун) негизинде гана ишке ашырылышы мүмкүн.

5. Сот же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, кызмат адамдары банктардын ишин, анын ичинде өздөрүнүн акча каражаттарын же мүлкүн тескөөлөрүнө карата чектөөлөрдү киргизүү тууралуу чечимин кабыл алуудан мурда, Улуттук банктан мындай чечимдин банктын насыя берүүчүлөрү жана кардарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы тутуму үчүн алып келе турган кесепеттери тууралуу сурап алууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-120)  
Кийинки берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-122)
